Журналист Жанар Акаев Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы болуп дайындалганы жатат. Өздүк булактарыбызга таянсак, тийиштүү буйрукка бүгүн, 2-февралда кол коюлушу мүмкүн. Айта кетсек, президенттин буга чейинки маалымат катчысы Кадыр Токтогулов жакында Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган эле.