Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети “Ядролук материалдарды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуу тууралуу” мыйзам долбоорун 1-окууда карап, жактырды. Долбоордун максаты - Кыргызстандын Ядролук материалды физикалык коргоо жөнүндө конвенцияга кошулуусун камсыз кылуу.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковдун айтымында, анын негизинде сакталып турган ядролук материал жоготууга учурабайт. "Кыргызстанда 90 ядролук калдык сактоочу жай бар. Аларды селден сактап, көзөмөл жүргүзүп туруу керек. Эгерде сел алып кетсе, жаратылышка чоң зыян алып келет",- деди Мамасадыков.