Кудайберген Базарбаев Социалдык өнүгүү министрлигине 123 миллион сом каражат керектигин айтты

Бүгүн, 2-февралда Бишкекте Социалдык өнүгүү министрлигинин жыйынтыктоочу кеңейтилген жыйыны өтүп жатат. Иш-чарага социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө мекеменин башчысы Кудайберген Базарбаев министрликке 123 миллион сом каражат керектигин айтты. “Аймактардагы социалдык өнүгүү кызматкерлери жөө жүрүшөт. Аларга унаа алып берүүнү туура көрүүдөбүз. Мындан тышкары кызматкерлердин санын көбөйтүүнү Каржы министрлигине сунуштаганбыз, бирок демилге ишке ашпай жатат”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан