Данияр Нарымбаев: "Министр Алмамбет Шыкмаматов менден кечирим сурасын же кызматтан бошотулсун"

"Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов менден кечирим сурасын же кызматтан бошотулсун",- деп билдирди президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 2-февралдагы кезексиз жыйынында. Жыйында президенттик аппараттын башчысынын юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жоопкерчилигин кароо боюнча жазган кайрылуусу жана өкмөттүк түзүмдөрдүн санын кыскартуу демилгеси каралууда. 
Айта кетсек, Шыкмаматов ММКларга "башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишинин артында Данияр Нарымбаев турушу ыктымал" деген маалымат берген. Мындан улам Нарымбаев коалициялык көпчүлүккө кайрылып, анын жоопкерчилигин кароону сунуштоодо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан