Дамира Ниязалиева Социалдык өнүгүү министрлигинин 2014-жылкы ишин канааттандырарлык деп баалады

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Социалдык өнүгүү министрлигинин 2014-жылдагы ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалап, бирок балдардын маселесин чечүү иштери жетишсиз экенин айтты. Муну өкмөт мүчөсү бүгүн, 2-февралда мекеменин коллегиялык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы балдар маселеси Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин көзөмөлүндө болгон. “Андан соң ал Социалдык өнүгүү министрлигине өткөн. Ал кезде нормативдик-укуктук базаны түзүү, каржылоо маселеси жана көзөмөлдөө структурасы каралбай калып, бүгүн балдарга карата үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар орун алууда”,- деди вице-премьер-министр.

Мындан тышкары балдар маселесин жергиликтүү бийликтин көзөмөлүнө тапшыруу сунушталды. “Айыл өкмөтү бардык маселелери карайт. Балким, аталган маселени айыл өкмөттөрүнө тапшырабыз. Балдар маселесин кароодо “аныктоо – каттоо – жардам берүү - координация” принциби менен иштеши керек”,- деп кошумчалады Ниязалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан