Жанар Акаев Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды

Жанар Акаев Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 2-февралда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Буга чейин президенттин басма сөз катчысы болуп Кадыр Токтогулов иштеп келген. К.Токтогулов жакында Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматына дайындалган эле.

Жанар Акаев

Туулган жылы - 1986-жыл, 13-декабрь;

Туулган жери - Ош облусу, Алай району, Кабылан-Көл айылы;

Билими - жогорку, 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн;

2008-жылдан бери "Азаттык" радиосунун Кыргыз кызматында иштеп келген. 

2011-2012-жылдары "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын ТВ персонасы" наамын алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан