Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 2-февралдагы кезексиз жыйынында президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жоопкерчилигин кароо боюнча жазган кайрылуусу каралууда. Депутат Өмүрбек Текебаев бүгүнкү жыйналыштын зарылчылыгы жок болчу деп эсептей турганын айтты.
"Коалициялык көпчүлүк 5 жылдан бери биринчи жолу чогулду. Ош шаары газсыз калганда, Баткенде кыргыз-тажик аскерлери атышып жатканда чогулбаган кеңеш бүгүн кайдагы бир маселе үчүн чогулууда. Муну коомчулукка чыгарбай эле чечип коюуга мүмкүн эле. Аида Салянованын кызматтан кетишине байланыштуу Шыкмаматовдун айткандары адамдын кадыр-баркына шек келтирүү эмес, жөн гана сунуш, пикир. Салянованын ордуна жаш кыз дайындалат деп ойлогон эмесмин. Ал тургай башкы прокурорго жакын болуу үчүн сунуштарыбыз менен Чыныбай Турсунбеков экөөбүз анын (Данияр Нарымбаевдин) кабинетине чай ичкени барып жатканбыз",- деди Текебаев.