Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушу боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн, 2-февралда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында кезектеги сүйлөшүүлөр жана Кыргызстандын өкмөт башчысынын 3-февралда Москвада өтүүчү Евразиялык өкмөт аралык кеңешинин I жыйынына катышууга барарынын алдында мекемелер аралык комиссиянын кеңешмеси өттү.

Кеңешмеде өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргызстандын позициясы талкууланды. Жыйынтыгында Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү жана Евразиялык экономикалык биримдигинин мүчөлөрү менен Кыргызстандын уюмга кошулуу маселесин келечекте талкуулоо үчүн Кыргызстандын позициясы иштелип чыкты. Мындан тышкары иштиктүү топко аталган позицияны эске алуу менен сүйлөшүүлөрдү улантуу тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан