Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында сырттан ташылып келчүүчү күйүүчү-майлоочу майлардын сапатынын стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келиши тууралуу маселе каралды.
Жыйында азыркы учурда айыл чарба техникаларын насыяга алган ар бир фермер сапатсыз күйүүчү-майлоочу материалдардын көйгөйүнө туш болуп жатканы айтылды. "Сапатсыз май куйгандан кийин техникалардын кыймылдаткычтарынын кубаттуулугу жоголуп, туруксуз иштеп башташы - стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келбеген күйүүчү бензиндин же дизелдик отундун төмөнкү сапатынын анык белгиси. Кыймылдаткычтары туура иштебеген техникалар айлана-чөйрөнү булгап жатат",- дешти депутаттар.
Депутат Талантбек Узакбаев: “Мамлекеттик стандарт мекемеси барып текшерейин десе, ыйгарым укугу жок, Экологиялык коопсуздук инспекциясы текшерейин десе, тиешелүү жабдуусу жок. Бул кандай көрүнүш? Азыр коопсуздукка эч ким жооп бербей калды”,- деп билдирди.
Талкуу жыйынтыгында аталган маселени чечүү үчүн өкмөткө бир 1 ай мөөнөт берилди.