Өкмөт: "Кумтөр" боюнча талаштуу жагдайлардын саны кыскарды

Бишкек шаарында "Кумтөр" долбоору боюнча кыргыз өкмөтү менен "Центерра" компаниясынын өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүсү аяктады. Сүйлөшүүлөргө эки тараптын тең эл аралык консультанттары катышты. "Жолугушуулар жана консультациялардын жыйынтыгы боюнча тараптар корпоративдик-укуктук маселелер боюнча пикир келишпестиктердин санын кыскартууга, экология жаатындагы АМЕС компаниясынын сунуштарын ишке ашыруу маселеси боюнча позицияларды жакындаштырууга жетише алды",- деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы. 
Мындан тышкары жакында келечектеги долбоордун бардык каржы-экономикалык аспектилерин такташтырууну жыйынтыктоо жолдору аныкталды.

Тараптар кезектеги консультацияларды ушул аптада Москва шаарында юристтер жана эл аралык консультанттар деңгээлинде жүргүзүүнү макулдашып, алдыдагы сүйлөшүүлөрдү тездетилген ыргакта жүргүзүү керектигин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан