Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев "Ага-хан" өнүктүрүү фондунун өкүлү Хайс Валравен менен жолугушуп, саламаттыкты сактоо тармагында кызматташууну талкуулады. Министрликтен 2-февралда билдиришкендей, фонддун өкүлү: "Кыргызстандын тоолуу облустарында иш жүргүзгөн саналуу эл аралык уюмдардын бири катары "Ага-хан" өлкө үчүн көз карандысыз, узак мөөнөттүү жана ишенимдүү өнөктөш катары иштешип жатат. Азыркы учурда биз көптөгөн өлкөлөрдө иштеп жатабыз, 4,5 миллион пациентке амбулатордук жардам бердик. 13 миңдей адамды жумуш менен камсыздадык. Медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурабыз. Кыргызстандын калкынын түрдүү социалдык абалына байланыштуу, аймактарды өнүктүрүү механизмин иштеп чыгууга колдоо көрсөткүбүз келет. Мунун ичинде Нарын облусуна",- деп билдирди.
Батыралиев министрлик аталган уюм менен кызматташууга даяр экенин билдирди.