Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 2-февралдагы жыйынында 2014-жылы республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат угулду. Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, 2014-жылы өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмү 297,3 миллиард сомду түзүп, экономикадагы иш жүзүндөгү өсүш 3,6 пайыз деп белгиленди.
Жалпысынан алганда, 2014-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө 108 миллиард 675 миллион сом өлчөмүндө каражат түшсө, анын ичинде 95 миллиард 856 миллион сом киреше алынган. Салык кирешелери 70 миллиард 945 миллион сом болсо, анын ичинде Бажы кызматынын үлүшү – 42 миллиард 586 миллион сом, Салык кызматынын үлүшү – 28 миллиард 359 миллион сом, ал эми салыктык эмес кирешелер – 24 миллиард 354 миллион сом.
2014-жылы республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 102 миллиард 544 миллион сомго аткарылып, бюджет каражатынын калдыгы 6 миллиард 130 миллион сомду түздү. Бюджеттин корголгон беренеси 68 миллиард 452 миллион сомго же 99,2 пайызга, ал эми корголбогон беренелер 8 миллиард 734 миллион сомго же 95,1 пайызга каржыланган.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү өкмөткө былтыркы кемчиликтерди эске алуу менен быйылкы жылдын бюджетинин аткарылышын жакшыртууну сунушташты.