Дубайдын башкаруучусу шейх Мухамед бин Рашид аль-Мактум май айында Кыргызстанга келиши мүмкүн

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарына жасаган иш сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу планынын алкагында 29-январда Кыргызстандын Дубай шаарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев менен БАЭнин премьер-министринин, вице-президентинин, Дубайдын башкаруучусунун Протокол департаментинин башкы директору, халиф Саид Сулайман жолугушту.  
Өмүралиев мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин БАЭге биринчи иш сапарын уюштурууга көрсөткөн колдоосу үчүн аталган департаментке ыраазычылык билдирди. Кыргыз-эмират тарыхындагы жогорку деңгээлдеги расмий иш сапар эки тараптуу мамилени бекемдөөгө жаңы түрткү бергенин белгиледи.   
КРнын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Саид Сулайман Кыргызстандын БАЭдеги иш сапары мыкты деңгээлде өткөнүн, мындай иш сапарларды улантуу зарылдыгын айтты. Быйыл май айында Дубайдын башкаруучусу шейх Мухамед бин Рашид аль-Мактумдун Кыргызстанга иш сапары менен келиши мүмкүн экенин кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан