Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиев 30-январда Казакстандын Парламент Мажилисинин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Казакстандын мыйзам чыгаруу органдарынын кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, былтыр сентябрь айында Бишкекте өткөн кыргыз-казак парламенттер аралык комиссиясынын 4-жыйынында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун Казакстанга болчу иш сапарынын мөөнөтү тууралуу сөз болгонун КРнын Тышкы иштер министрлиги 2-февралда кабарлады.