Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде бүгүн, 2-февралда Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду, макрокаржылык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну, насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралды. Документке 2014-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган.
Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимовдун айтымында, макулдашууга ылайык, Евросоюз бюджетти колдоо максатында 30 миллион евро бөлүүдө. Каражаттын 50 пайызы грант, 50 пайызы насыя түрүндө берилет. Евробиримдиктин Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн бөлгөн каражаты эки траншка бөлүнүп, биринчи траншы келгенден кийин, экинчи траншы үч айдан соң түшүүгө тийиш. Комитет мүчөлөрү демилгени колдоого алышты.