Бишкекте бүгүн Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга киришин колдогон митинг өтөт

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга киришин колдоо иретинде бүгүн, 3-февралда Ак үйдүн алдында митинг өтөт. Уюштуруучулар - "Таза оппозиция" кыймылынын мүчөлөрү. Алардын айтымында, акцияга аталган маселеге тийиштүү өкүлдөр чакырылды жана бир катар талаптар айтылат. Алар: "Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кириши боюнча келишим ратификациядан өткөрүлсүн!", "Биз баш аламандык жана революцияга каршыбыз!", "Олигарх жана коррупционерлерди бийликке жолотпойбуз!" жана башкалар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан