Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

2015-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагында мамилелерди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү болуп саналат.

Тактап айтканда, «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» 1997-жылдын 10-декабрындагы №90-мыйзамга керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган товарларды аралыкта туруп сатуу ыкмасын, ошондой эле товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) үчүн акы төлөөнүн накталай же накталай эмес эсептешүү формаларын караган толуктоолор киргизилет.

КРнын Жарандык-процесстик кодексинин 89-беренеси (экспертиза өткөрүү тууралуу аныктоо) жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдын 17-беренеси товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн экспертиза өткөрүүнүн мөөнөттөрүн белгилеген ченем менен толукталат. Алсак, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча экспертиза өткөрүүнүн мөөнөтү 10 жумушчу күндөн, ал эми  техникалык татаал товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) иш экспертизага келип түшкөн күндөн тартып 1 айдан ашпоого тийиш. Керектөөчү товарды экспертизадан өткөрүүгө катышууга укуктуу.

Мыйзамда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган башка түзөтүүлөр дагы киргизилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан