Бүткүл дүйнөлүк банктын "Билим берүү максатындагы глобалдык өнөктөштүк" долбоорунун алкагында Билим берүү жана илим министрлиги 1 жеңил автоунаа сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Министрлик автоунаа ташуу менен алектенген тараптарды тендерге катышууга чакырууда. Катышууну каалагандар тендердик өтүнмөлөрүн 2015-жылдын 16-февралына чейин бериши керек. Документтер Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү-257, 410-бөлмө дареги боюнча кабыл алынат.