Тармактык комитет депутаттык топтордун фракциядан тышкары болушуна тыюу салуу демилгесин 2-окууда жактырды

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети “КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 2-окууда карады.

Баяндамачы аталган демилге Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 24-сентябрында чыгарган чечимине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, Жогорку Кеңештеги депутаттык топторду фракциялардан тышкары болууга тыюу салуу каралган.  

Соңунда комитет мүчөлөрү демилгени жактырып, парламенттин кароосуна жиберүү чечимин кабыл алды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан