Жогорку Кеңештин комитети депутат Ыргал Кадыралиеванын башка комитетке которулушуна макулдук берген жок

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети 3-февралда депутат Ыргал Кадыралиеваны Социалдык саясат комитетинен Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетине которуу боюнча сунушту карады. Бирок депутат Чолпон Султанбекова депутаттын бир тууган агасы Канжар Кадыралиев боюнча ишке байланыштуу сунушка каршы чыкты. Башка комитетке которулса, агасына байланыштуу ишке таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылды. Жыйынтыгында депутаттар Кадыралиеванын башка комитетке өтүү боюнча сунушун четке кагышты. Кадыралиева өзү жыйынга катышкан жок.  

Айта кетсек, Башкы прокуратура депутаттын агасы Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Ошол эле учурда Ош шаардык соту ага издөө жарыялаган. 

Буга чейин Канжар Кадыралиев менен биргеликте каракчылыкка шектелип издөөдө жүргөн Сашка каймана аты менен белгилүү Абдисалам Аманов кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан