Улуттук илимдер академиясынын өкүлү: "Балдарды эмдетүү боюнча Ош шаарында баш аламандык болууда"

"Балдарды жугуштуу ооруларга каршы эмдетүү боюнча Ош шаарында баш аламандык болууда",- деп билдирди SUPER.KG порталына Улуттук илимдер академиясынын Медициналык көйгөйлөр институтунун директору Рахманбек Тойчиев. Анын айтымында, Ош шаарында балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүүдө. "Молдолор өз ишин кылбай, мамлекеттик саясатка аралашып жатышат. Шаарда диний багыттагы топтор абдан эле көбөйгөнү айтылууда. Эмдөөнүн зарылдыгы боюнча элге түшүндүрүү иштери жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатат",- деп билдирди Тойчиев.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан