Кыргызстандын соттору 2014-жылды жыйынтыкташты

Кыргызстандын соттору жарандык, экономикалык жана жазык иштери боюнча бир жылдык жыйынтыктоочу кеңешмелерин өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмелерде 2014-жылдагы иштердин жыйынтыктары чыгарылды.

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева быйылкы жылдын 30-январында Бишкек шаардык жана Чүй облустук сотторунун кеңешмелерине катышса, Жогорку Соттун төрайымынын биринчи орун басары Канатбек Турганбеков Талас облустук сотунун кеңешмесине катышып, жалпы Талас облусу боюнча жыл жыйынтыкталды. 

"Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева Ош жана Жалал-Абад облустук сотторунун жыйындарына катышты. Нарын облустук сотунун кеңешмесине Жогорку Соттун судьясы Лепес Темирбеков, Ысык-Көл облустук сотунун кеңешмесине Жогорку Соттун судьясы Арзыбек Акыев катышты",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан