Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын делегациясы Түркиянын аскердик тармагы менен таанышууда

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев баштаган аскердик делегация Түркияда расмий иш сапары менен жүрөт. Иш сапарда Алымкожоев Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Неждет Озел менен жолугушуп, жетекчилер эки тараптуу аскердик кызматташтыкты бекемдөө тууралуу пикир алышат. КРнын Коргоо министрлиги 3-февралда билдиргендей, буга чейинки жетишилген келишимдерди ишке ашыруу тууралуу да сөз болот. Кыргызстандык делегация Түркиянын аскердик бөлүктөрүндө болору, андан кийин бир катар жолугушууларды өткөрөрү айтылды. 
Эскерте кетсек, 2014-жылдын апрель айында Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Неждет Озел расмий иш сапары менен Кыргызстанга келип, бир катар келишимдер түзүлгөн эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан