Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов 3-февралда отставкага кетүүсүнүн себеби тууралуу расмий билдирүү жасады.
"Данияр Нарымбаев тарабынан маселе башынан эле туура эмес коюлган. Анын маңызы менин коомчулуктун алдында андан кечирим сурашымдан эле турган жок, өз учурунда ультиматум коюлду. Менин кечирим сурап, кызматты сактап калышым же менин кызматтык жоопкерчилигимди кароо маселеси коюлду. Эгер мен чын эле туура эмес иш кылсам, адамдын социалдык жана башка статусуна карабай кечирим суроого даярмын. Бул абийирдин иши. Бирок Данияр Ильич тарабынан коюлган маселе саясий чайкоочулукту, соодалашууну элестетет. Мен эч качан "креслого" жабышкан эмесмин, мамлекет үчүн иштеп келгем, мындан ары да иштей берем. Кызматка караганда мен үчүн абийир бийик. Мен айтпаган сөзүм үчүн кечирим сурабайм.
Президенттин аппарат жетекчиси жана юстиция министри кызматтары өлкөдөгү сот системи, укук жана башка реформалар көз каранды болгон негизги кызматтардан болуп саналат. Биз объективдүү, тыгыз жана биримдикте иш алып баруубуз керек. Президенттин аппаратынын жетекчиси жана юстиция министринин жеке мамилелери алдыбызга коюлган маанилүү максаттарга терс таасирин тийгизүүсүн каалабайм.
Ушул себептен мен КРнын Юстиция министри кызматынан кетүү чечимин кабыл алдым",- деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Шыкмаматов басылмалардын бирине "башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишинин артында президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев турушу ыктымал" деген маалымат берген. Мындан улам Нарымбаев парламенттеги коалициялык көпчүлүккө кайрылып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган. Коалициялык көпчүлүк маселени 2-февралда талкуулап, бирок бир жыйынтыкка келе алган эмес.