Жергиликтүү органдардын бир жылдык ишин коомчулукка ачык жарыялоо сунушталууда

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети 3-февралда Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “КРнын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун 1-окууда талкуулады. Демилгечи депутат Роза Акназарованын айтымында, долбоор жергиликтүү мамлекеттик органдардын жарандардын кайрылууларын карап, жооп беришине жана бир жылда аткарылган иштери тууралуу маалымат берип туруусуна шарт түзөт.

Жыйында депутаттар жергиликтүү органдардын бир жылдык ишин жарыялап туруу үчүн веб-сайттары жок экенин айтып, бул максат ишке ашпай турганын билдиришти.

Жыйынтыгында комитет демилгенин концепциясын жактырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан