Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын так белгилөө демилгеленүүдө

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети 3-февралдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 1-окууда кароодо. Ал үчүн Жер кодексине, Токой кодексине, жалпы 12 мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Башкача айтканда, 12 мыйзамдын маңызы бирдей болгондуктан, аларды теңдештирүү керек.

“Мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик органдардын укуктары так эмес. Бири-бирине атаандашып, аймактарда бир топ иштер аткарылбай калат. Ошондуктан укуктарын так бөлүштүрүү керек. Мисалы, айылда аз камсыз болгондорго мамлекеттик деңгээлдеги органдар жардам берсе, айылдын светин тартуу, жолуна таш төшөө - жергиликтүү органдын милдети. Ушундай укуктары так белгилениши керек”,- дешти демилгечилер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан