Ош шаарын өнүктүрүү үчүн 2014-жылы 4,7 миллиард сом инвестиция тартылды. Маалыматты 2-февралда Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында шаардын биринчи вице-мэри Замир Аскаров билдирди. Аскаров өткөн жылы ишкерлер тараптан 2 миллиард 769 миллион сомдук продукция өндүрүлгөнүн айтты.
"Курулуш материалдарын жана кир жуугуч машиналарды өндүрүүчү биргелешкен кыргыз-кытай ишканалары ачылган. Ош шаарын өнүктүрүү үчүн 4 миллиард 700 миллион сом суммасында инвестициялар тартылды. 2013-жылы болгону 2 миллиард 800 миллион сом тартылган. Ош шаарында 2014-жылы орточо айлык акы 10 700 сомду түзсө, 2013-жылы орточо айлык акы 10 миң сомго жеткен эмес. Донорлор жана шаардыктардын колдоосунда жергиликтүү бюджеттин эсебинен балдар аянтчасын, тротуарларды жана башка коомдук жайларды көрктөндүрүүгө 90 миллион сомдон ашуун каражат жумшалды",- деди вице-мэр.
Акыркы жылдары 45 көп кабаттуу үй борбордук жылытуу тутумуна кошулганы, дагы 130га жакын курулуш жылытуу тутумуна кошулууга кезекте турганы айтылды.