Алыскы айылдарга салыктын үч түрүнөн жеңилдик берүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 3-февралдагы жыйынында алыскы айылдарды экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, шарты катаал, коммуникациясы начар, алыскы айылдардын тургундарын иш менен камсыз кылуу, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн бекемдөө максатында бир катар мыйзамдарга “преференциялуу аймактар” деген жаңы түшүнүк киргизилгени жатат. Ошол айылдарда катталган ишканаларга киреше салыгы, мүлк салыгы, жер салыгынан жеңилдиктерди берүү сунушталууда.

Баяндамачы салык жеңилдиктерин берүү критерийлери иштелип чыгып, ага туура келген аймактардын тизмеси такталарын билдирди.

Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан