Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети 3-февралда мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү сунушун карады. Жыйында депутат Мыктыбек Абдылдаев документтеги катачылыктарды айтып чыкты. “Катта Бекмамат Осмонов Ош облусунун төрагасы болгон деп жазылыптыр. Ал Ош облусунун эмес, Жалал-Абад облусунун губернатору болгон. Болгондо да жалпы эл колдогон. Мындай ката менен документти президентке кантип жибергени жатасыңар? Оңдош керек. Бул катаны оңдоо - маселени караган комитеттердин жана фракциялардын милдети”,- деди Абдылдаев.
Эскерте кетсек, Бекмамат Осмонов Жогорку Кеңештин 2 чакырылышынын, мунун ичинде легендарлуу парламенттин депутаты болгон. 1991-жылы Жалал-Абад облусунун губернатору болуп шайланган. Б.Осмонов 1997-жылы 28-октябрда дүйнөдөн кайткан.