"Кыргызстанда үй-бүлөлүк кризис байкалууда",- деп билдирди социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев балдарды зомбулуктан коргоо темасында Бишкекте өткөн тегерек столдо. Министр мындай кырдаалга саналуу факторлор таасир этерин белгилейт.
"Бул бир нече себепке: үй-бүлөнүн материалдык абалына, жумушсуздукка, миграцияга, аракечтикке жана ата-энелердин адаттан тышкаркы жүрүм-турумуна байланыштуу. Кыргызстанда учурда балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча жакшы мыйзам базасы түзүлгөн. Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан "Балдарды укуктук-социалдык жактан коргоо жана үй-бүлө зомбулугунан сактоо жөнүндө" жаңы мыйзамдын долбоору иштелип чыкты",- деп билдирди министр.
Базарбаев балдарды кордуктан сактоо үчүн бардык мамлекеттик органдардын тыгыз иштешүүсү шарт экенин кошумчалады.