2014-жылы Баткен облусунда миңден ашуун инвестициялык долбоор жазылды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган кезектеги коллегиясы болуп өттү. Ага КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, облус жетекчиси Жеңиш Разаков, облустун район-шаарларынын жана мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди. 

Маалыматка караганда, 2014-жылы Баткен облусунун аймагында 1182 инвестициялык долбоор жазылып, ага 4035 миллион сомдук акча каражаты тартылган. Анын ичинен мамлекеттик бюджеттен 210 долбоор колдоого алынып, 1926,3 миң сом тартылган.

Баткен облусунун аймагына тартылган инвестициянын ичинен Баткен районуна 1170 миллион сом, Кадамжай районуна 1 122,3 миң сом, Лейлек районуна 344,9 миң сом, Кызыл-Кыя шаарына 1 079,8 миң сом, Сүлүктү шаарына 201 миллион сом, Баткен шаарына 117 миллион сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан