Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 3-февралда баалуу металлдар жана асыл таштар менен алектенген тараптардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун карап, 1-окууда жактырды. Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, баалуу металлдар жана асыл таштар менен соода операцияларын жасоо жаатында мыйзам талаптарын бузуу өтө көп, ал эми айып пулдардын өлчөмү аз болууда. Жоопкерчиликке тартуу чаралары максатына жетпей калып жатат. Долбоор менен айып пулдун көлөмүн 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда.
Анда айтылгандай, Кыргызстанга жылына 20 тоннага чейин баалуу буюмдар алынып келет. Баалуу металлдан жасалган буюмдарга толугу менен Кыргызстандын мамлекеттик эн тамгасы басылууга тийиш. Бирок иш жүзүндө мындай талап аткарылбай жатканы айтылды.