Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган кезектеги коллегия болуп өттү. Ага биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, облус жетекчиси Жеңиш Разаков, облустун район-шаарларынын жана мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө аймакта токтоп калган 8 өнөр жай ишканасынын ичинен 6 ишкана 2014-жылы ишке киргизилгени айтылды. Кайрадан иштеп баштаган “Нуркен” ишканасы өткөн жылы 53,6 миллион сомдук өнөр жай продукциясын өндүрдү, “Ормон” - 2,8 миллион сом, “СК Агропласт” - 15,9 миллион сом, “Кутчу” - 3,4 миллион сом, “Баткеннефтегаз” - 6,9 миллион сом, “Арбет и К” 0,8 миллион сомдук кошумча өнөр жай продукцияларын өндүрүп, облустун өсүү темпи 1,5 пайызга жогорулады.
Мындан сырткары облус аймагында 2014-жылы 8 жаңы ишкана ачылды. Анын ичинен 3 кыш чыгаруучу, 1 пескоблок жана 3 көмүр өндүрүүчү ишканаларына 68,2 миллион сомдук инвестиция тартылып, 250 жумушчу орун түзүлдү.
Кичи орто ишкердикте иштеген 210 ишкана өткөн жылга салыштырмалуу 27 миллион сомдук ашыкча өнөр жай продукциясын өндүрүп, облустун өсүү темпи 0,6 пайызга жогорулады.