Бишкектеги Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган күрөш боюнча 38-Эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү менен жолукту. Бул тууралуу 3-февралда мэриядан билдиришти.
Жолугушууда район башчысы спортчуларды жеңиши менен куттуктап, жаш жана перспективдүү спортчулар Октябрь районунун гана эмес, өлкөнүн дагы сыймыгы экенин эскертип өттү. Район башчысы Болот Алымкулов мурда өзү спорт менен машыкканын айтып, спорттогу кыйынчылыктар тааныш экенин белгиледи. Аталган эл аралык мелдеш борбор калаада 28-январь, 1-февраль күндөрү өткөрүлүп, 5 салмак категориясынан кыргыз спортчулары жеңишке ээ болушту. Алардын ичинде Октябрь районундагы №14-орто мектептин спорттук клубунда машыккан Рахманкул Аватов (49 кг) жана Медер Мамакеев (60 кг) бар. Бул жылы аталган турнирге Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Монголия жана Таиланд өлкөлөрүнөн жалпысынан 179 спортчу катышты. Алардын арасында курама командалардын жана Олимпиада жеңүүчүлөрү да бар экенин боксчулардын машыктыруучусу Азамат Ибраев, команданын менеджери Султан Абдуллаев билдирди.