Өкмөт өлкөдөгү бардык түзөтүү колонияларын бириктирген комплекс түзүү демилгесин кароодо

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 3-февралда Жалал-Абад шаарындагы №10-түзөтүү колониясында болду. Өкмөт мүчөсүнө соттолуучулардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү үчүн түзөтүү колонияларынын бирдиктүү комплексин түзүү маселеси каралып жатканы тууралуу маалымат берилди. Долбоордун алкагында заманбап, бардык талаптарга жооп берген комплекс түзүү, мунун алкагында республикадагы түзөтүү колониялары жайгашкан имараттарды бошотуу пландалып жатканы белгиленди. Долбоор түзөтүү мекемелеринин имараттарын оңдоого, аларды кайтарууга жана мекемелердин кызматкерлерин кармап турууга, түзөтүү колонияларына керектүү бензинге, соттолуучуларды бир аймактан экинчи аймакка жеткирүүгө бюджеттен бөлүнчү акчанын санын кыскартууга мүмкүндүк берери айтылды. 
Маматалиев демилге колдоо тапса, №10-түзөтүү колониясын шаардын сыртына көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликтин маселеси чечилерин айтып, "бул маселени Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу системин реформалоо жолу менен комплекстүү чечүү керек" деп билдирди. Бул долбоорду дыкат иликтеп чыгуу үчүн тийиштүү органдарга тапшырма бергенин билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.
Айта кетсек, Жалал-Абад шаарындагы №10-түзөтүү мекемеси 1964-жылы түзүлгөн.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан