Депутаттар Тайырбек Сарпашевди "Кара-Суу жана Араван райондорун Донецк менен Луганскка салыштырды" деп айыптап, анын Жогорку Кеңешке келүүсүн талап кылышууда
Депутаттар Жогорку Кеңештин 4-февралдагы жыйынына биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин келүүсүн талап кылышууда. Жыйында депутат Максат Сабиров: "Сарпашев 2-февралда Кара-Суу жана Араван райондорун Украинанын Луганск менен Донецк Элдик Республикаларына салыштырып, бири-бирине чабыштырганы жатабы? Анткени маалымат булактарына ушул эки райондо абал Луганск жана Донбасстагыдай кооптуу экенин айтыптыр. Ал жакта абал оор болуп жаткан болсо, парламентке келип, бизге да айтып коюш керек",- деди. Андан кийин эл өкүлдөрү бул маселени бүгүнкү жыйында кароо керектигин белгилешти.