Персоналды башкаруунун майнаптуулугун жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин аймактык органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында тренингдер өткөрүлдү. Бул тууралуу 3-февралда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Трасттык фонддун “Мамлекеттик финансыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү” долбоору тарабынан тренингдерге 2014-жылдын декабрында эле ишке кирген «M-Group» консультациялык компаниясы тартылган. Өткөн жылдын этегинде аты аталган компаниянын консультанттарынын катышуусунда өлкөнүн түндүк региондорунун кызматкерлери окуудан өтүшкөн.
Жыл башынан бери окутуу улантылып, өлкөнүн түштүгүндө да аймактык органдардын кызматкерлери үчүн бир катар окутуу тренингдери өткөрүлдү. Алсак, 2015-жылдын 12-14-январында Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад облусунун кызматкерлери үчүн, 2015-жылдын 15-17-январында Ош шаарында Ош облусунун кызматкерлери үчүн тренингдер уюштурулду.
Тренингдин негизги милдети – персоналды башкаруудагы заманбап кадрдык технологияларды пайдалануу менен негизги министрликтеги мамлекеттик башкарууну тескөө системин өркүндөтүү.