Мектептерде жана бала бакчаларда акча чогултууну ачык кылуу демилгеленүүдө

Мектептерде жана бала бакчаларда ата-энелерден акча чогултууну ачык кылуу сунушталууда. Буга байланышкан демилгени Жогорку Кеңеш 4-февралда талкуулап жатат. 

Демилгечи депутат Дастан Бекешев ал үчүн Камкордук кеңеш түзүү керектигин айтты. Ага ата-энелер, муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлери тартылат. 

куу жылынын башында окуучулардын ата-энелери кирген Камкордук кеңеш мектеп директору менен зарыл боло турган каржыны эсептеп чыгып, аны мектептин көрүнүктүү жерине илип коюшу керек. Бул процесске мугалимдер киришпейт, эгерде алар кирише турган болсо, алардын жоопкерчилигин кароо сунушталат. Ал эми бул мектептерге мамлекет жеткиликтүү шарт түзүп бере албаганынан сунушталууда",- деди Бекешев. Демилге шаардагы мектеп, бала бакчалар үчүн гана сунушталып жатканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан