Кыргызстанда чиновниктер жана эл инвесторлорго болгон мамилесин өзгөртүшү керек. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев 3-февралда мамлекеттик органдардын жетекчилери жана облус башчылары менен жолугушууда билдирди.
"Ошондо гана Кыргызстанда элдин жашоо деңгээли жакшырат. Ар бир инвестор коопсуздугу үчүн кепилдик талап кылат, бул жаатта бизде азырынча абал кыйын. Көпчүлүк аларга өтө катаал мамиле кылат. Тобокелчиликтерди мыйзам аркылуу азайтышыбыз керек. Жагымдуу инвестициялык климат түзүүнүн канчалык зарыл экенин ар бир жаран түшүнүшү керек",- деди Сариев.
Министр инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өлкөдөгү бардык экономикалык тармак ачык жана чектөөсүз экенин кошумчалады.