Мамлекеттик каттоо кызматы кыргыз тилин өнүктүрүү жана тил саясатын ишке ашыруу боюнча иштердин 2015-жылкы планын бекитти. Тийиштүү жарлыкка Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кол койгонун 4-февралда мекемеден билдиришти. Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча быйыл жасала турган иштердин планы 10 пункттан турат. Анын ичинде кызматкерлердин кыргыз тилин канчалык деңгээлде билерин аныктоо үчүн аттестацияларды уюштуруу, кызматка кабыл алууда кадрдан кыргыз тилин билүүсүн талап кылуу, кызматкерлер үчүн кыргыз тили боюнча курстарды уюштуруу жана башкалар бар экени айтылды.