Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 3-февралда Ысык-Көл облусунун башчысы Эмил Каптагаев менен жолугушуп, Ысык-Көл облусунда 2014-жылы жасалган иштердин жыйынтыгы талкууланды. Өкмөт башчы былтыр Кыргызстанга туристтер көп келгенин белгиледи. Ысык-Көл облусундагы ири пансионаттарга жана эс алуу жайларына салык салуу боюнча системдүү иш алып барууну тапшырды. "Айрым ири пансионаттар жана эс алуу борборлору салык төлөбөстөн, өз кирешелерин көмүскөдө кармоодо. Бул ишке системдүү мамиле кылуу зарыл",- деди премьер.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Каптагаев облуста электр энергиясын үнөмдөө көрүнүшү байкалып жатканын, облус көмүр менен тийиштүү көлөмдө камсыздалганын айтып, өкмөт жетекчиси жаңы тарифтер боюнча элге тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.