Жогорку Кеңеш “КРнын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 4-февралда 1-окууда карап жатат.
Баяндамачы, депутат Эсенгул Исаковдун Турак жай кодексинин кыргыз тилиндеги вариантындагы 13-беренесинин 2-пунктундагы “мамлекеттик” деген сөз “муниципалдык” деген сөз менен алмаштырылып жатканын айтты.
“Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик эмес, муниципалдык гана турак жайын менчиктештирүүгө бергенге укуктуу. Азыр баш аламандык болуп, жетекчилер күчүн жоготкон мыйзамдын негизинде мамлекеттик турак жайды менчикке берип коюп жатышат”,- деди Исаков. Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.