Кыргызстанда 2015-жылдын январында айлык маяналар үчүн 1 миллиард 835 миллион сом жумшалды

2015-жылдын январь айында ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 6 миллиард 580 миллион 271 миң сомду түздү. Маалыматты бүгүн, 4-февралда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Январда эмгек акыга 1 миллиард 835 миллион 470 миң сом жумшалганы айтылды. Ал эми "социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар" беренеси боюнча 1 миллиард 403 миллион 548 миң сом, "калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар" беренеси боюнча 526 миллион 167 миң сом, "имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча 319 миллион 461 миң сом жумшалган. "Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан