Ички иштер министрлиги Ички аскерлер бөлүгүн Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүүгө каршы

Жогорку Кеңеш ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүн Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүүгө багытталган мыйзамдын долбоорун 4-февралда 3-окууда карап жатат. Мыйзам долбоору Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө реформалар жүргүзүлүп жатканына байланыштуу, мурда Ички иштер министрлигинин Ички аскер бөлүгүн Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүп берүүгө жана бөлүмдү "департамент" деп өзгөртүүгө багытталган. Аны менен бирге ал Улуттук гвардиянын курамында Куралдуу күчтөрдүн түзүмдүк бөлүктөрүнүн бири болуп калат. Жыйында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов демилгеге каршы болду. “Куралдуу күчтөрдүн алдына коюлган милдеттерди карап, аскердик бөлүктү ордунда гана калтыруу керектиги боюнча өз позициябызды бердик”,- деди Асанов. 

Ички аскерлер бөлүгүндө учурда 1500 аскер кызмат өтөп жатканы айтылды. Депутаттар: "Кыргызстанда согуштук абал түзүлүп калганда Ички аскерлер бөлүгү негизги милдетти алат. Аларды Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүп берип, үй-бүлөсүн кошуп багышыбыз керек",- дешти.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан