Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн алыскы айылдарына электр энергиясын жеткирүү үчүн жеке энергетикалык компанияларга мүмкүндүк берүүнү сунушташууда. Мындай демилгени парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 3-февралдагы көчмө жыйынында депутат Кожобек Рыспаев көтөрдү. "Энергетика тармагын колдоо боюнча көптөгөн гранттык келишимдерди ратификациялап жатабыз, бирок алдыга жылыш байкалбайт. Жетекчилер келип, кетүүдө, бирок жыйынтык жок",- деди депутат.
Толук жеке менчиктеги жана мамлекеттин катышы бар энергетикалык компаниялардын ортосундагы кызматташтык боюнча буларды айтты: "Эгер силерде (ред. "Түндүк электрдин" өкүлдөрүнө) кубаттуулук жетишпей жатса, оорчулукту жеке компаниялардын көмөк чордондоруна берип коюуга эмнеге болбосун? Мындан абоненттер эле утушат",- дейт Рыспаев.
Депутат пилоттук долбоорду ишке киргизип, алыскы айылдарды электр энергиясы менен камсыздоодо жеке компаниялардын мамлекеттик компаниялар менен кызматташуусуна мүмкүндүк берүүнү сунуштады. "Эгер мамлекеттик компаниялардын мүмкүнчүлүгү жок болсо, түйүндөрү жетишпесе, жабдуулары эскирип бүтсө, анда мунун баарын жеке компанияларга берели. Алар электр энергиясын кымбат баага сатып алганына карабай эффективдүүлүктү көрсөтүшөт",- деди депутат.