Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин мамлекеттик протоколдогу ордун аныктоо демилгеленди

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколу жөнүндө” мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун максаты - Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын мамлекеттик протоколдогу укуктук ордун аныктоо.  

Демилгечилердин бири Эсенгул Исаковдун айтымында, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түзүлүп, башчысы дайындалгандыгына карабастан, анын мамлекеттик протоколдо ээлеген орду аныкталбай калган. Улуттук мыйзамдарга ылайык, Башкы штабдын башчысынын ыйгарым укуктарына өлкөдөгү бардык күч түзүмдөрүнүн ишин координациялоо жана аскердик саясатты жүргүзүү милдети кирет.

Ошондон улам Башкы штабдын башчысынын мамлекеттик протоколдогу укуктук ордун Коргоо кеңешинин катчысынан кийинки жана башкы прокурордон мунунку 10 сапта белгилөө демилгеси сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан