2014-жылы Чүйдүн Москва районунда үйү жок 60 үй-бүлө аныкталган

Чүй облусунун Москва райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы 2014-жылы райондо жеке үйү жок 60 үй-бүлөнү аныктаган. Алар иштеген жерлери боюнча кой короо, фермаларда жашап жүрүшкөн. Маалыматты 4-февралда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул үй-бүлөлөрдө 82 улуу кишинин, 32 жаш баланын жеке документтери жок болуп чыккан. "Алардын баарына паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга жардам берилди. 8 эне жумушка орноштурулду",- деп билдирет министрлик. 
Мекеме былтыр Москва райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы 806 үй-бүлөнүн жакырчылыктан чыгышына колдоо көрсөткөнүн маалымдайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан