Кыргызстанда учурда 162 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран бар. Социалдык өнүгүү министрлигинин билдиришинче, алардын 27 миңи 18 жашка чейинкилер. Министрлик 2015-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды караган ата-энелер үчүн берилген социалдык жөлөк пулдарга кошумча акы төлөөнү демилгелөөдө.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жаш балдардын 4253ү тынымсыз кам көрүүгө муктаж. Ошондуктан ата-энелердин бири үйүндө калып, медициналык жана пенсиялык камсыздандыруудан ажыроо менен баласын кароого мажбур болушууда",- деп билдирет министрлик.