Мамлекеттик салык кызматы 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча салык органдарынын мыкты жамааттарын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Мыкты жамаат" наамын Аламүдүн райондук салык кызматы, 2-орунду Нарын райондук салык кызматы, Кызыл-Кыя шаардык салык башкармалыгы ээледи. Ведомстволук сынак иште жана салык мыйзамдуулугун сактоону көзөмөлдөөдө эң жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен мыкты жамааттарды аныктоо, ошондой эле салык саясатын ишке ашырууда алардын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлөт",- деп айтылат маалыматта.