Асия Сасыкбаева Норвегиядагы Тынчтык жана адам укуктары борборунун уюштуруучулары менен жолугушту

Депутат Асия Сасыкбаева бүгүн, 4-февралда Норвегиянын Осло шаарындагы Тынчтык жана адам укуктары борборунун уюштуруучуларынын бири Эйнар Стинснес менен жолугушту. Жолугушууга тараптар адам укуктарын коргоо, диндер аралык түтүмдүүлүк, коомдук-саясий абал маселелерин талкуулап, Жогорку Кеңеш менен Тынчтык жана адам укуктары борборунун өз ара кызматташтык аракеттери жаатында пикир алышты.

Сасыкбаева кыргыз парламентинин иши, өлкөдөгү коомдук-саясий абал, ошондой эле адам укуктарын коргоо жана сөз эркиндигин жакшыртуу тууралуу учкай маалымат берди. Ал эми Стинснес мындан ары кыргыз парламенти менен адам укуктарын коргоо жаатында кызматташа берүүгө даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан